«Саламан менен Абзал», «Жусуп менен Зулайка», «Лайли-Мажнун», «Бахарстан» ж. б. чыг. терең гуманисттик ой м-н сугарылып, бийик идеал катары кызмат кылат. Анын чыг. кыргыз элине эзелтен белгилүү, мис., «Жусуп менен Зулайкасы» эл арасына кенен тараган. 1989-ж. Ж-нин туулган күнүнүн 575 жылдык мааракеси белгиленип, ырлары кыргыз тилине которулган. ЖАНАЗА – мусулман дининде маркум м-н коштошуу жөрөлгөсү. Шарият б-ча маркумду Ж-дан кийин гана көмүүгө мүмкүн болгон. ЖАНГАРАЧ Эшкожо уулу (1801 же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өндүрү – 1864, ошол эле жер) – солто уруусунан чыккан чоң манап. Чүй өрөөнүнүн батыш бөлүгү м-н Талас өрөөнүн бийлеген. Ж. м-н Байтик баатыр ага-ининин балдары. 1848-ж. казак султаны Кенесары Касым уулу Чүйгө кол салып киргенде Ормон хан м-н бирдикте анын мизин кайтарып, колун талкалоого катышкан. Ал Кенесарынын кол салууларынан коргонуу максатында орус падышалыгына букаралыкка өтүү ниетин билдирген. 1862–64-ж. Алымбек, Алымкул сыяктуу кыргыз, кыпчак бектери Кокон хандыгында реалдуу бийликти өз колдоруна топтогон маалда Ж. бул хандыктын Россияга каршы коргонуу күрөшүндө Кокон мамл-не жан тарткан. 1864-ж. жазында М.Г.Черняев Чүй өрөөнүнөн кокондук аскерлерди сүрүп киргенде, Ж. Талас өрөөнүнө чегинип, орус падышалыгынын баскынчыл саясатына пассивдүү каршылыгын билгизген. ЖАНКОРОЗ Бердикожо уулу (1830, Кетментөбө өрөөнү–1910, Бешташ өрөөнү) – коомдук ишмер. Саруу уруусунан чыккан, акылмандыгы м-н элге кеңири таанымал инсан. Бардар үй-бүлөдө туулган. Молдодон окуп, сабатын ачкан. Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам ири талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакырылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто уруу-ларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. 1870-жылдардан баштап Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары м-н жергиликтүү элдин ортосунда ынтымак орнотууга көп күч жумшаган, келгиндер арасында кадыр-баркка ээ болгон. Түркстан генерал-губернатору Кауфман 19-к-дын акырында Бишкекте ж-а Токмокто өткөн кээ бир курултайларды Ж-го башкарткан. Ал Олуяата уездинин башчысы В. А. Каллаурга жолугуп, ага Талас жергесиндеги байыркы эстеликтер ж-дө кызыктуу маалыматтарды айтып, ал бай эстеликтер келгиндер тарабынан талкаланып жаткандыгын билдирген. Ушундан кийин Ташкенден экспедиция келип, Ж-дун коштоосунда Таластагы археол. эстеликтер м-н таанышкан. Ал бул экспедицияга Айыртамойдо ташка чегилген байыркы жазууну таап берген. Бул байыркы түрк (руна) жазуусу кыргыз тарыхында эң баалуу ачылыш болгон. Ж-дун дагы бир зор эмгеги – аш-тойлордо байгеге адам саюу, кул, күң кылып барымтага киши берүү сыяктуу салттардын жоюлушуна жетишкен. 1870-ж. Мекеге барып, ажы болуп кайткан. Ж. сексен жаш курагында Бешташ өрөөнүнүн оозундагы Бүлкүлдөктүн сазы деген жерде дүйнөдөн кайткан. ЖАНТАЙ ХАН, Жантай Карабек уулу (1794–1868, Кичикемин өрөөнү, Бейшеке айылы) – сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан чоң манап. Атактуу Атаке баатырдын небереси, Шабдандын атасы. 19-к- дын 40-жылдарынын башында Ормон ханга баш ийип турган. Кийинчерээк Кокон хандыгынын бийлигине таянып, Ормон ханга көз каранды болуудан кутулган. 1850-жылдын башында Ж-га караштуу сарыбагыш урууусу Чоңкемин м-н Кичикеминди, Чүйдүн Боомдон Токмокко чейинки бөлүгүн ээлеген. Ж.х. бугу м-н сарыбагыш урууларынын чабышы учурунда аларды элдештирүүгө аракет кылып, бугу уруусуна каршы жортуулдарга аз катышкан. 50-жылдардын акырында орус бийликтери м-н ымала түзүп, Венюковдун аскердик чалгындоо отрядына жардам берген. 1862-ж орус букаралыгына өткөн. 1860-жылдардын башында Россияга карата мамилеси өзгөрүп, бирок Кокон хандыгына биротоло каршы чыккан. Анын бул саясатын уулу Шабдан да уланткан. ЖАНУЗАКОВ Төрөкул [1893, Олуяата уезди (азыркы Талас облусу, Талдыбулак айылы) – 1921, Фергана облусу, Түркстан АССРи] – Түркстан Респ-нын Борб. аткомунун төрагасынын орун басары (1920). Орус- жергиликтүү мектебин аяктаган. 1909-жылдан Түркстан генерал-губернаторлугунда котормочу. Ал революцияга чейинки Рос-сиянын Думасына депутаттыкка кандидат болгон биринчи кыргыз. Совет бийлигин кабыл алган ж-а эркиндик м-н демократиянын ураанын колдоп чыккан. 1920-ж. сентябрь айында Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин 1-конгрессине катышкан. Ж. Түркстан аткомунун 1916-ж-дагы көтөрүлүшкө катышкан качкындардын иштери б-ча комиссиясынын төрагасы болгон. 1921-ж. сентябрда Самарканда өткөн Түркстан улуттук биримдигинин 6-конгрессине активдүү катышкан. Бирок конгресстен кийин сов. түзүлүшкө нааразы болуп, большевиктер партиясына каршы чыккан 40 делегаттын тизмесинде анын да аты болгон. 1921-ж. Ж. Исраил корбашынын Анжиан уездиндеги басмачылар тобуна кошулган. Ж. кызыл аскерлер м-н болгон уруштардын биринде каза болгон. «ЖАНЫШ, БАЙЫШ» – кыргыз элинин 15–17-к-га таандык баатырдык эпосу. Эпосто кыргыз элинин Моголстан мамл-ндеги ж-а калмак доорундагы турмушу чагылдырылган. «Ж.,Б-та» геогр. аталыштар, чарба, соода, социалдык терминдер (хан, бек, сынчы, чечен ж.б.), кыргыздардын саясий абалы ж-а алардын коңшу элдер м-н болгон карым-катнаштары айтылган. «Ж.,Б.» мазмуну б-ча өзбек эпосу «Алпамышка», байыркы грек эпосу «Одиссеяга» окшош (мис., каармандардын өз жерлерине кайтып келиши). Алгачкы варианты 1922-ж. К. Мифтаков тарабынан М. Мусулманкуловдон жазылып алынган. Кытайлык кыргыздарда Өмүр Мамбеттин варианты китеп болуп жарык көргөн (Үрүмчү, 1988). К. Акыевдин варианты 1939-(латын алфавитинде), 1970-, 1991-ж. жарыкка чыккан. 1998-ж. «Эл адабияты» сериясынын 4-томунда «Ж., Б-тын» М. Мусулманкулов, Ж. 65 |