Кыргыз элинин тарыхындагы окуялар, элдин жашоо турмушу, маданияты




PDF просмотр
НазваниеКыргыз элинин тарыхындагы окуялар, элдин жашоо турмушу, маданияты
страница196/263
Дата28.11.2012
Размер4.21 Mb.
ТипДокументы
1   ...   192   193   194   195   196   197   198   199   ...   263

Яковлевич,  Слюсаренко  Пётр  Трофимович,  Смирнов  Владимир  Иванович,  Смирнов  Михаил  Яковлевич, 
Сотникова  Анисья  Макаровна,  Стрельникова  Феодосия  Афанасьевна,  Стрельниченко  Иван  Иванович, 
Сулайманов  Турсуналы,  Сулайманова  Күлсара,  Султанов  Кадырмат,  Султанов  Камал,  Сунчалиева  Алия 
Абдуллаевна,  Сүйөркулов  Шамшидин,  Сыдыков  Шарип,  Сыдыкова  Мукен,  Сычугов  Андрей  Григорьевич, 
Тазабеков  Мамбетсалы,  Тарыкчиев  Акун,  Таширов  Хайтахун,  Темирова  Асипа,  Тешебаев  Гапар,  Тешебаев 
Файзулла,  Тешеев  Сайдулла,  Тимковский  Меер  Иосифович,  Титов  Фёдор  Степанович,  Тойгонбаев  Абдувап, 
Тоокеев  Ормоке,  Төкөлдөшов  Казмалы,  Тургунов  Юлдашбай,  Турдиев  Султаназар,  Турдубаева  Бурулбүбү, 
Турдуев  Султаназар,  Түлөбердиев  Океш,  Түмөнов  Намазалы,  Тынаев  Жамаке,  Улизко  Василий  Иванович, 
Умарова Махбүбү, Худайбердиев Ахмадали, Чернецова Акулина, Чернышев Евгений Фёдорович, Чмырь Пётр 
Яковлевич,  Чыныбаев  Кудайберген,  Шералиев  Жоро,  Шеркулов  Асан,  Шмелёв  Михаил  Полихронович, 
Шопокова  Керимбүбү,  Штумм  Эльза  Ивановна,  Щербакова  Анастасия  Константиновна,  Щёлоков  Павел 
Тимофеевич,  Эликбаев  Аалы,  Эркимбаев  Токтоналы,  Эрматова  Тажихан,  Эшенова  Салый,  Юматова  Анна 
Тихоновна,  Юнусалиев  Кушназар,  Юнусов  Топчубай,    Юрченко  Александр  Алексеевич,  Юсупов  Рысбек, 
Юсупова Салтанатхан. 
«СОЦИАЛ-ТУРАН» ПАРТИЯСЫ – 20-к-дын 30-жылдарында Орто Азиядагы бир катар жергиликтүү саясий 
ж-а маданият ишмерлерине (партиялык, советтик кызматкерлер, интеллигенция өкүлдөрү ж. б.) пантүркисттик 
буржуазиялык улутчул максатты көздөгөн деген жалган жалаа коюп, жазалоо үчүн чыгарылган уюм. 
СӨӨКТҮ  КӨМҮҮ  САЛТЫ.  Анын  көп  түрдүү  мотивдери  диний  ишенимдер  м-н  тыгыз  байланышкан.  Сөөк 
көмүү  адаты  диний  идеологиянын  эң  консервативдүү  тармагы.  С.к.с-нын  айрым  белгилеринин  өзгөрүшү 
этностук  топтордун  дүйнөгө  болгон  көз  караштарындагы  бурулуштарга  байланыштуу.  С.  к.  с.  –    диний 
системанын  натыйжасы.  Жөрөлгөнүн  өзүндө  өлгөн  адамдын  жынысы,  социалдык  абалы-теги,  ал  түгүл 
өлүмдүн  мүнөзү  да  эске  алынат.  Ар  бир  этностук  топтун  диний  түшүнүгүнө  ылайык,  кыйла  жылдары 
калыптанган  өзгөчө  белгилери  болот.  Ар  бир  байыркы  көрүстөн  тобун  казып  изилдегенден  кийин  тарых 
илиминин  карамагына  ошол  эстеликти  калтырган  коомдун  турмушу  б-ча  булак  келип  түшөт.  Сөөктү  жерге 
берүү,  тескерисинче  изоляциялап  чопо  идишке,  табытка  салуу,  өрттөп  көмүү  (кремация),  жерге  көмүү 
(ингумация),  этинен  ажыратып  көмүү,  сөөгүн  бакка  асып  коюу,  маркумдун  өздүк  буюмдарын  гана  көмүү, 
жаткан,  отурган,  бүрүштүрүлгөн  абалда,  көмкөрөсүнөн  жаткырып  көмүүдө  ж.б.  бири-биринен  айырмаланган 
түрлөрүн ажыратууга  болот.  С.  к.  с.  окуп  үйрөнүүчү  тафология  деп  аталат.  (гр.  тафос  –  мүрзө,  сөөктү  көмүү, 
көмүлгөн  жер;  логос  –  билим,  окуу).  Археологдор  ж-а  этнографтар  үчүн  бул  салтты  изилдөө  м-н  ар  бир 
калктын  салтындагы  байыркы  белгилерди  таап  чыгышат.  Салтка  кирген  жаңычылдыктар  тез  баамдалат. 
Байыркы  ж-а  орто  кылымдагы  калктардын  сөөктү  көмүү  салты  м-н  кошо  алардын  материалдык  маданиятын 
изилдөө  мүмкүнчүлүктөр  арбын,  себеби  адам  каза  болгондо  ага  тиешелүү  ж-а  салт  талап  кылган  буюм, 
маркумдун  ритуалдык  тамагы  табылат.  Кээ  бир  учурда  жанына  мал  кошо  коюлган,  айрыкча  жылкы  толук 
жабдыгы  м-н  кездешет.  Кыргызстандагы  б.  з.  ч.  2-миң жылдыктан  тартып  б.з.   2-миң  жылдыгынын ортосуна 
чейинки байыркы ж-а орто кылымдардагы калктардын көрүстөндөрү казылып, изилденүүдө. Көрүстөндөр бир 
канча бейиттен турат.  
СПАФАРИЙ  МИЛЕСКУ  Николай  Гаврилович  (1636–1708)  –  элчи  ж-а  илимпоз.  Румынияда  туулган.  1653–
71-ж. молдаван ж-а валах төбөлдөрүнүн элчиси катары милдет аткарган. 1671-ж. диний миссия м-н Москвага 
жиберилип, элчилик мекемеде иштеген. 1675–78-ж. Пекинге жиберилген орус элчилигин жетектеген. 1671–75-
ж. тарыхый ж-а динияттык бир катар эмгектер жазган. Азия-га арналган эмгегинде Енисейдеги кыргыздар ж-дө 
да маалыматтар бар.  
СТОЛЫПИНДИК  АГРАРДЫК  РЕФОРМА  –  1906–17-ж.  Россияда  дыйкандардын  жер  ээлиги  ж-дө  кабыл 
алынган  буржуазиялык  иш-чаралар.  Россия  Министрлер  Советинин  төрагасы  П.  А.  Столыпиндин  атынан 
аталган. Реформанын максаты орустун дыйкан жамиятын бузуу ж-а жерди жеке менчикке бекитүү, жерсиз ж-а 
жери  аз  дыйкандарды  Сибирге,  өлкөнүн  чыгыш  аймактарына,  а.  и.  Кыргызстанга  көчүрүү  болгон.  Ушул 
реформанын негизинде 1906–14-ж. Жетисуу облусуна көчүрүлүп келгендерге жергиликтүү элден 2708226 теше 
(Пишпек уездинин Сарыбагыш болушунан 1910–13-ж. 48216 теше, Суусамыр болушунан 1912-ж. 98466 теше, 
Пишпек  уездинен  714  миң  теше,  Пржевальск  уезди  б-ча  422  627  теше)  жер  алынган.  1913–15-ж.  Фергана 
өрөөнүндөгү кыргыздардын 81 миң теше жери алынган; Россиядан көчүрүлүп келгендердин 46 кыштагы пайда 
болгон. Мындан башка бир топ жер казынанын фондусуна алынган. Пишпек ж-а Пржевальск уезддеринен бул 
фондуга  352  440  теше  жер  өткөн,  С.  а.  р.  агрардык  маселени  чече  алган  эмес.  Айыл-кыштактарда  таптык 
карама-каршылыкты  ого  бетер  ырбаткан.  Кыргызстанда  улуттук-боштондук  күрөшүнүн  күчөшүнө  кошумча 
себеп  болгон.  С.  а.  р-нын  ишке  ашпай  калышы  падышалык  жеке  бийлик  жоюлмайынча  агрардык  маселе 
чечилбей тургандыгын аныктаган.  
СУЖИН-ДАВАНДАГЫ ТАШ БЕТИНДЕГИ ЖАЗУУ – эпиграфикалык эстелик. Енисей кыргыздарынын 9-
к-да  күчтүү  мамл.  түзүп,  Борб.  Азияга  үстөмдүгүн  орното  баштаган  учурду  чагылдырат.  1900-ж.  Густав 
Рамстедт Моңголияга уюштурган өзүнүн 1-экспедициясында Дзамар (Хангай) тоосунун түндүк-батышындагы 
Сужин-Даван  ашуусунун  Долон-Булугейин-Тала  деген  жеринен,  кыйраган  таш  коргонду  ж-а  руна  сымал 
жазуусу  бар  таш  мамыны  тапкан.  Рамс-тедт  1909-ж.  археолог  ж-а  этнограф  Саккари  Пяльси  м-н  бирдикте 
 
206 
1   ...   192   193   194   195   196   197   198   199   ...   263

Разместите кнопку на своём сайте:
Рефераты


База данных защищена авторским правом ©referat.znate.ru 2014
обратиться к администрации
Школьные рефераты
Главная страница