Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору




PDF просмотр
НазваниеМамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
страница19/125
Дата28.11.2012
Размер2.26 Mb.
ТипДокументы
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   125

22
www.bizdin.kg
негизделет. Алар бирине-бири болгон мамилелер боюнча, өзүлөрүн өз алдынча деп эсептешпейт. «Үй-бүлө органикалык 
бүтүн.  Анын  бөлүкчөлөрү  –  бөлүкчөлөр  эмес,  а  мүчөлөрү, мына  ушул  бир  бүтүндөн,  өзүнүн  субстанциясы  бар,  ал  өз 
алдынча  жалгыз  өз  алдынчалыкка  ээ  эмес».  Г.  өзүнөн  мурункулардан  айырмаланып,  граждандык  коомду  жана 
мамлекетти өз алдынча институт катары караган. Граждандык коом мамлекеттин ичинде эмес, аны менен катар турат. 
Алар  үй-бүлө  менен  бирдикте  мамлекеттин  базисин  жана  өндүрүү  жолун  түзүшөт.  Граждандык  коом  мамлекетке  көз 
каранды  жана  кандайдыр  бир  даражада  ал  аркылуу  сорулуп-сиңирилип  кетет.  Мамлекетте  граждандын  жалпы  эрки 
коюлган, граждандык коом болсо – бул айрым индивиддердин өзгөчө жекече кызыкчылыктарын реализация кыла турган 
сфера.  Мамлекеттик  сферага  Г.  өкмөттүк  бийликти,  администрацияны,  граждандык  коомго  полициялык  жана  соттук 
бийликти  караткан.  Эгерде  мамлекет  мыйзамдуулукту  сакташ  үчүн,  граждандык  коомдун  чегине  кирип  кетсе,  мис., 
куралдуу  күчтөргө  полициялык  функцияны  тапшырып  коет  же  соттук  уюмдардын  ишмердүүлүгүнө  кийлигишсе,  ал 
коомго  каршы  чыгат  эмеспи.  Г.  граждандык  коом  жөнүндөгү  ойлорун  толук  чагылдырган.  Ал  үчүн  граждандык  коом 
турмуштун  материалдык  шартынын  сферасы,  табигый  зарылчылыктын  продукциясы,  мында  индивиддер  жеке 
кызыкчылыгын  көздөгөн  материалдык  кызыкчылыктар  менен  байланышкан.  «Укук  философиясы»  деген  эмгегинде, 
граждандык коом улап келген мурунку коом, нравалык руханий мамлекетке объективдештирилип көрсөтүлгөн. Г-дин ою 
боюнча  үй-бүлөнүн  жана  граждандык  коомдун  нравалык  идеясы  мамлекеттен  келет.  «Чындыгында,  –  деп  жазган  ал, 
мамлекет  жалпысынан  алганда,  биринчи  болот  да,  ошонун  чегинде  гана  үй-бүлө  граждандык  коомго  өнүгөт.  Ал  эми 
мамлекет  деген  идеянын  өзү,  мына  ушул  эки  мамлекетке  бөлүнүп  кетет.  Гегелдин  граждандык  коом  жөнүндөгү  ой 
жүгүртүүлөрү индивидуалдуу жана жекече кызыкчылыктардын согуш талаасы катары көз алдыга тартылат. Индивиддер 
деп эсептеген ал, өз ара байланышсыз, граждандык коомдон сырткары жашай албайт». Г. граждандык коомду ажыратып 
турган  социалдык  карама-каршылыктын  бар  экенин  түшүнгөн,  ал:  «Мына  ушул  карама-каршылыктар  жана  алардын 
чырмалып калышы укмуштуудай сүрөттү көрсөтөт: аша чапкан байлыкты, артыкбаштыкты, ошондой эле экөөнүн тең – 
жакырчылыктын физикалык жана нравалык бузулуунун картинасы». Коомдогу жеке менчиктик мамилелердин үстөмдүк 
кылышы Г. үчүн бузулгус, ал эми адамдардын теңсиздиги тубаса. Анын ою боюнча жеке менчик эркиндиги граждандык 
коомдун өнүгүшүнүн сөзсүз – шарты. Жеке менчиктен тышкары инсандын эркиндиги мүмкүн эмес. Жалаң гана индивид 
граждандык  коомго  карата  өзүнүн  милдеттерин  аткарыш  керек,  коом  деле  индивиддин  укугун  коргош  керек. 
Граждандык  коом  жана  мамлекет  өзүлөрүнүн  карама-каршылык  биримдигинде  көптүк  сословиелик  базада  жашайт, 
башкача айтканда, коомдун өнүккөн социалдык структурасында жашай алат. Социалдык структуранын жакырчылыгы, 
өнүкпөгөндүгү жана коомдук социалдык катмарларын бириктирип жиберүүнү тездетүү – диктатордук режимди туудура 
турган чөйрөгө айланып кетишин, турмуш өзү көрсөттү жана далилдеди. 
ГЕГЕМОНИЯ  (гр.  hegemonia  бийлөө,  башкаруу)  –  гегомонизм  –  жеке  көз  караштын,  саясий  эрежелердин, 
көрсөтмөлөрдүн,  саясаттын  башка  бирөөлөргө  таңууланышы.  Г.  башка  бирөөгө  карата  саясий  күчтөн,  таптык, 
мамлекеттик башкаруучулуктун, бийлөөчүлүктүн абалы. Г. бийлик эмес, ал таасир жана башкаруунун биригип, бийликти 
жүргүзүүгө  айлануусу.  Г.  түрлөрү:  маданий,  идеологиялык,  саясий  ж.  б.  Г-нын  масштабы  континенталдыктан  тартып 
тармактыкка  чейин  жетиши  мүмкүн.  Г.  үчүн  күрөш  мамлекеттердин  коалицияларынын  түзүлүшүнө,  согуштарга  алып 
келген учурлар болгон. 
ГЕНДЕР – ар башка жыныстагы адамдардын калыптанган, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму. 
ГЕНДЕРДИК МАМИЛЕЛЕР – карым –катнаш процессинде же биргелешкен иш-аракеттин ар кандай түрлөрүн жүзөгө 
ашырууда түзүлүүчү ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы жүрүм-турумдун жана мамилелердин мүнөзү. 
ГЕНДЕРДИК  САЯСАТ  –  ар  башка  жыныстагы  адамдардын  ортосундагы  өз  ара  мамилелерде  теңчиликти  орнотууга 
багытталган мамлекеттик, коомдук иш. 
ГЕНДЕРДИК  ТЕҢЧИЛИК  –  ар  башка  жыныстагы  адамдардын  коомдогу  бирдей  социалдык  абалы.  Г.  Т-ти  камсыз 
кылуу  боюнча  мамлекеттик  саясаттын  негиздери  болуп  төмөнкүлөр  саналат:  1.  гендердик  тең  укуктуулукту  камсыз 
кылуу  үчүн  ченемдик  укуктук  базаны  түзүү,  жакшыртуу  жана  өр-күндөтүү;  2.  Г.  Т-ке  жетишүүгө  багытталган 
мамлекеттик  максаттуу  программаларды  иштеп  чыгуу  жана  ишке  ашыруу;  3.  коомду  Г.  Т-ти  бузууга  багытталган 
маалыматтан, үгүт жана насыяттан коргоо; 4. Г. Т-тин маданиятына тарбиялоо жана аны пропагандалоо; 5. Эл аралык 
укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, ошондой эле КР гендердик теңчилик маселелерине тийиштүү 
эл аралык милдеттенмелерин аткаруу. 
ГЕНДЕРДИК  ТЕҢ  УКУКТУУЛУК  –  ар  башка  жыныстагы  адамдардын  мыйзам  алдындагы,  жумшартылуучу 
жагдайлардан башка укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин теңдиги. 
ГЕОГРАФИЯ, саясий – татаал интеграциялык процесстерди жана проблемаларды политология, география, экономика, 
тарых ж. б. бир катар илимдердин айкалышуусунда изилдөөчү, учурдагы география илиминин багыты. Азыркы учурда Г. 
с-нын  жалпы  кабыл  алынган  аныктамасы  жок.  Ал  изилдеген  проблемалардын  чөйрөсү  гана  жаңыдан  такталууда 
(көптөгөн социалдык-экономикалык факторлордун, баарыдан мурда өндүргүч күчтөрдүн жана өндүрүш мамилелеринин 
географиялык өзгөчөлүктөрүнүн спецификалык айкалыштары менен шартталган. Коомдук саясий, аймактык уюмдардын 
келип чыгуу жана өнүгүү мыйзамдары). Учурдагы өнүккөн өлкөлөрдө географиялык билимдин бул багыты ХХ к. 70–80-
ж.  өзгөчө  өргүүгө  жетишкен.  Г.  с-нын  проблемалары  чагылдырылган  «Геродот»  (1976),  «Политика  Джиографии 
Куотерли» (1982), «Политика Джиографи» (Кырг. «Жуграфия») (1985) журналдары басылып чыгууда. Биздин өлкөдө Г. 
с. проблемалары 90-ж. өзгөчө актуалдуу болуп калды. Г. с. ыкмаларын коомдун алдында турган милдеттерди анализдөө 
үчүн  колдонуу  жоопкерчиликтүү  саясий  чечимдерди  кабыл  алууда  социалдык-экономикалык  жаңылыштыктарды 
жеңүүгө жардам берет. 
ГЕОСАЯСАТ  (гр.  geo  –  жер,  politike  –  мамлекетти  башкаруу  саясаты)  –  саясий-географиялык  билимге  таянып, 
экономикалык  өнүккөн  мамлекеттердин  глобалдык  кызыкчылыктарын  жана  тышкы  саясатын  негиздөөчү  саясий 
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   125

Разместите кнопку на своём сайте:
Рефераты


База данных защищена авторским правом ©referat.znate.ru 2014
обратиться к администрации
Школьные рефераты
Главная страница